Бишкектеги ашканалардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 22-декабрь күнү саат 22:36 чамасында катталган. Тилсиз жоонун кесепетинен Абай көчөсүндө жайгашкан “Ложки-Вилки” ашканасынын чатыры, жумшак эмеректер, компьютер жана документтер күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эрежелердин бузулушу себеп болгон.