Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 жашар бала каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-декабрь күнү саат 18:30 чамасында Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 62-чакырымында болгон. Анда 25 жаштагы айдоочу БМВ унаасы менен 3 жашар баланы сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде каза тапкан. Учурда бул боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.