Бишкекте 19 жашка чейинки спортчулар арасында дзюдо боюнча "Хан Манас" кубогуна арналган мелдеш старт алды

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо спорту боюнча "Хан Манас" кубогуна арналган эл аралык мелдеш старт алды. 5-ирет өтүп жаткан мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан, Иран, Тажикстан мамлекеттеринин спортчулары катышууда. Эл аралык даражадагы калыс, мелдештин башкы калысы Даулет Досалиев SUPER.KG порталына кабарлагандай, мелдеште 1995-1997-жылдар аралыгында төрөлгөн кыздар жана уландар күч сынашат. Катышуучулардын саны 250гө жакын (уландардан 160 спортчу, кыздардан 80). Байге ээлери уландар арасында 9 салмакта (50 килограмм, 55 кг, 60 кг, 66 кг, 73 кг, 81 кг, 90 кг, 90 килограммдан жогорку салмакта), кыздар арасында 8 салмакта (44 кг, 48 кг, 52 кг, 57 кг, 60 кг, 63, 70 кг, 70 килограммдан жогорку салмакта) аныкталмакчы. "Биринчилик жаштар арасында курама команданы топтоо, алардын спорттук чеберчилигин арттыруу жана тажрыйба алмашуу максатында уюшулууда",- деп кошумчалады Д.Досалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан