Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине “Ло И” ишканасынын директору кайрылган. Анда ал белгисиз адам контейнердин эшигин ачып, ичиндеги курулуш инструменттерин уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан