Бишкекте катталган жол кырсыктарынан улам үч мектеп окуучусу жабыркады

Бишкекте катталган жол кырсыктарынан улам үч мектеп окуучусу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 22-декабрь күнү Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде 27 жаштагы айдоочу унаасы менен эки мектеп окуучусун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Ошол эле күнү Түштүк магистралында 51 жаштагы айдоочу унаасы менен 1-класстын окуучусун сүзүп алган. Учурда унаалар айып жайга токтотулуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан