“Ювентус” (Турин) – “Наполи” (Неаполь) – 2:2 (пенальтилер сериясында – 5:6)
Голдор: К.Тевес (5-мүнөттө), Г.Игуаин (68-мүнөттө), К.Тевес (106-мүнөттө), Г.Игуаин (118-мүнөттө).
Италиянын өткөн сезонундагы чемпиону “Ювентус” менен кубок ээси “Наполи” клубу Катарда Италиянын Суперкубогу үчүн беттеш өткөрүштү. Беттеште “Наполи” пенальтилер сериясында жеңишке жетишип, 24 жылдан кийин Суперкубокту утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, оюндун негизги 90 мүнөт убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Кошумча эки 15 мүнөттүктө командалар дагы бирден гол жарата алышты. “Ювентустун” курамында аргентиналык Карлос Тевес 2 голду өз эсебине жазса, дагы бир аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин эсеп катыштыгында 2 голу менен теңчиликти сактай алды. Жыйынтыгында командалар пенальтилер сериясына өтүшүп, “Наполи” 6:5 эсебинде жеңишке жетишти.