Кыргызстанда 2014-жылы 81 адам сууга чөккөн, мунун 26сы жаш балдар. Өзгчөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, быйыл Чүй облусунда 29 адам, Нарын облусунда 3, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 11, Баткен облусунда 4, Ош облусунда 10, Ош шаарында 4, Бишкек шаарында 5 адам сууга чөккөн. Сууга түшүү сезону башталгандан кийин 57 адам сууга чөккөнү, мунун 16сы жаш балдар экени айтылды.
Жаш балдар боюнча:
Сууга түшүү сезону башталгандан кийин Чүй облусунда 5 өспүрүм, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Бишкек шаарында 1 өспүрүм сууга чөккөн.