Кечээ, 23-декабрда Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КРнын Күрөш федерациясынын жыл жыйынтыгын чыгарган отуруму болуп өттү. Анда жыл ичинде көрсөткөн ийгиликтери эске алынып, 4 спортчу "КРнын Спорт чебери" наамын алышты.
Спорт чеберлеринин катарын төмөнкү 4 спортчу толуктады:
Нуржанбек Абдуганиев (2014-жылы 66 килограмм салмакта жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча 2-орунду ээлеген, Монголия).
Эсен Асанов (74 килограмм салмакта жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча 2-орунду ээлеген, Монголия).
Ажар Замир кызы (Таиландда жаштар арасында өткөн Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча 40 килограмм салмакта 2-орунду ээлеген).
Мээрим Жуманазарова (Таиландда жаштар арасында өткөн Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча 56 килограмм салмакта 3-орунду ээлеген).