Борбордо алдамчылык фактысына шектелген шаардын тургуну кармалды

Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелген шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 23 жаштагы Чүйдүн тургуну кайрылган. Анда ал анын Тимур жана Азамат аттуу чала тааныштары "Газпром" ишканасына жумушка киргизебиз" деп 2 миң доллар алышканын айткан.

Милицияга ушул сыяктуу дагы 8 арыз түшүп, жабырлануучулар жалпы 16 миң доллар акча каражатын алдатканын айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү катары 35 жаштагы М.Т. аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан