Борбор калаада “үй ээсинин алтын буюмдарын уурдаган” деген шек менен анын бала багуучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы Б.Н. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал анын баласын багуучу болуп иштеген кыз үйүндөгү зер буюмдарын уурдаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы М.Н. аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.