Өткөн суткада өлкө аймагында 19 жол кырсыгы катталып, анда 1 адам каза таап, 27 адам ар түрдүү жаракаттарды алды
Өткөн
суткада өлкө аймагында 19 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза
таап, 27 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда
ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка
ылайык, Бишкек шаарында болгон 6 жол кырсыгынан 6 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды
алды, Чүй облусунда 5 жол кырсыгы катталып, 9 жүргүнчү жаракат алды, Ош
облусунда 1 жол кырсыгы болуп, 1 жүргүнчү жаракат алды, Баткен облусунда 2
жол кырсыгы катталып, 1 адам каза таап, 1 адам жаракат алды, Ош шаарында 1 жол
кырсыгы катталып, 2 жүргүнчү жаракат алды, Жалал-Абад шаарында 3 жол кырсыгы
катталып, 5 жүргүнчү жаракат алды, Талас облусунда 1 жол кырсыгы катталып, 3
жүргүнчү жаракат алды.