16-25-январь аралыгында Орусияда өтүүчү Шериктештик Кубогунда ойноло турган оюндардын убактысы белгилүү болду. 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан турган Кыргызстандын жаштар курамасы алгачкы оюнун 16-январда Молдовага каршы өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, тайпадагы 1-тур оюндарынын алкагындагы Кыргызстан-Молдова беттеши менен мелдеш башталат. Ошондой эле кыргызстандыктар 2-турда Латвия менен (18-январда), 3-турда Орусия менен (19-январда) кез келет.
Кошумчалай кетсек, мелдешке катыша турган 12 команда 3 тайпага бөлүштүрүлгөн. Ар бир тайпадан алдынкы 2 орунду ээлеген курамалар жана мыкты жыйынтык көрсөтүп, бирок 3-орунду ээлеп калган 2 команда кийинки баскычка чыгат. Оюндар Санкт-Петербург шаарындагы "Петербургский" спорттук аренасында өтөт.16-январь
15:00. Молдова - Кыргызстан
18-январь
15:00. Латвия - Кыргызстан
19-январь
22:00. Кыргызстан – Орусия