Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда күмүш медаль уткан “Абдыш-Ата” клубуна сыйлыктары тапшырылды

Бишкекте кечээ, 23-декабрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2014-жылкы сезонунда 2-орунду ээлеген “Абдыш-Ата” клубуна медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү команданы куттуктап, кийинки сезонго ийгилик каалашты. Андан соң башкы машыктыруучуга жана оюнчуларга диплом жана күмүш медалдар тапшырылды. Ошондой эле аталган федерация тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо “Мыкты машыктыруучу” наамын утуп алган башкы машыктыруучу Мирлан Эшенов менен “Жылдын мыкты жарым коргоочусу” наамы боюнча жеңүүчү аталган Азиз Сыдыков да сыйлыктарын алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан