Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Орусиянын Сочи шаарында өтүп жаткан Евразия Кубогуна катышууда. Анда катышып жаткан бардык 12 команда 2 тайпага бөлүнгөн. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, Кыргызстандын жаштар курамасы “Русь” (Орусия), “Юность” (Беларусь), “Металлург” (Орусия), “Рига” (Латвия) жана “Ермак” (Орусия) командалары менен биргеликте “А” тайпасына бөлүнгөн.
Кыргызстандыктар алгачкы беттешин 22-декабрда “Русь” командасына каршы өткөрүп, 36:1 эсебинде жеңилүүгө дуушар болушту. 23-декабрда Кыргызстан жаштар курамасы “Рига” командасы менен кез келип, 4:6 эсебинде утулуп калды.