Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Баткенде трактор, жүк ташуучу унаа жана 5 миң түк чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 25-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Кадамжай районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен эки бөлмөнүн 110 чарчы метр жыгач шыбы, жыгач полу, жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 50 төшөк, 3 эшик, 3 терезе жана үй оокаттары күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Баткен районуна караштуу Чет-Кызыл айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда короодо 5000 түк чөп, трактор, жүк ташуучу Мерседес үлгүсүндөгү унаа  күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан