Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери 23 жаштагы Ж.М. аттуу жарандын үйүн тинтүүгө алышкан. Анын жыйынтыгында кармалган жарандын үйүнөн экстремисттик мүнөздөгү китептер жана ошол сыяктуу маалыматтар жазылган флеш-карта табылды. Бул факт боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө.