Борбор калаада “унаанын дөңгөлөктөрүн уурдаган” деп 2 уурулук фактысына шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында “унаанын дөңгөлөктөрүн уурдаган” деп 2 уурулук фактысына шектүү катары Сокулук районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 46 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал П.Лумумба көчөсүндөгү үйүнүн жанына токтоткон Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасынын терезесин талкалап, андагы уюлдук телефон, унаанын алдынкы дөңгөлөгүн жана аккумуляторун белгисиз жарандар уурдап кетишкенин айткан. Ушундай эле арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаасынын алдынкы дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чыгарып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул 2 уурулук фактысына шектүү катары Сокулук районунун 18 жаштагы тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kitaioza
2014-12-26 09:03:03
Неге бизде да Кытайдагыдай жаза бербейсинер,манжасын кесип салса ким ууру экени тааныбасан да белгилуу болмок.Ошондо азаят беле балким.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан