Бүгүн, 25-декабрь күнү Ак үйдүн алдына Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачуу, күнөөлүүлөрдү табуу, башкы прокурор Аида Салянованы убактылуу кызматтан четтетүү талабы менен 20дай адам митингге чыгышты. Демейдеги митингдерден бүгүнкү митингди бир нерсе айырмалап турду: нааразычылык акциясына чыккандардын көбү сүрөткө тартууга макул болушпай, жүздөрүн жашырып жатышты. Сураганыбызда алар маркум Камиланын кимиси болорун так айта алышпады. Акциянын максатынан шек жараткан негизги жагдай - маркум кыздын ата-энеси, бир туугандарынын митингге келбегендиги. Катышуучулардан сураганыбызда “мына келет, ана келет” деген бүдөмүк жоопторду узатып кутулушту. Адатта, мындай акциялардын башында жабырлануучунун же маркумдун жакындары турары белгилүү.
Өзүн Гүлсүна Кулматова деп тааныштырган айым “Камиланын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазалансын, башкы прокурор Аида Салянова убактылуу 2 айга кызматтан кетсин. Агасынын ак же кара экенин далилдесин” деп турду.
Ал эми Улуттук университеттин студентибиз деген эки кыз жүзүн жашырып, аты-жөнүн айтышпай, “Көп учурда студент кыздар мындай окуяларга туш болушууда. Биз да адилеттикти талап кылып чыктык” дешти.
Атын атагысы келбеген дагы бир айым “Саат 10:30да эле келгенбиз. Аялдардын көпчүлүгү "Ош базарда" соода орундарын талашып жатышат" дегенинен шашып кетип калышты” дейт.
Белгилей кетчү жагдай, катышуучулардын айрымдары акция баштала электе “Бул жакта эмне болот экен? Камила деген ким?” деп сурап жатышкан эле. Кийин алардын Камиланын сүрөтүн кармап, Аида Салянованын кызматтан кетишин талап кылышканын көрдүк.
Бүгүнкү акция шек жараткандыктан, Камила Дүйшөбаеванын эжеси Айжан Дүйшөбаевага телефон аркылуу байланышка чыкканыбызда, ал митинг тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин, Камиланын туугандарынан ал жакка эч ким барбаганын SUPER.KG порталына айтты.
Туугандарынын талабын жактагандардын акциялары өлкөдө көп эле болот. Алардын бирин эске салсак.
Мындан 7 жыл мурун Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Сабыржан Сабиров жүзүн жашырбай эле, баласына карата акыйкат сот өкүмү чыкпаганына нааразы болуп, өзүн өзү өрттөп жиберген.
Ал эми бүгүнкүдөй бүдөмүк иш-чаранын чыныгы максаты эмне? Мунун артында кимдер турушу мүмкүн?
Эске салсак, киши колдуу болуп каза тапкан Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө айрым белгилүү адамдардын катышы болушу мүмкүндүгү айтылган. "Алардын арасында "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов бар болушу мүмкүн" деген сөздөр тараган.