"Эжесинин намысын коргойм деп, аны менен жакын мамиледе болгон 25 жаштагы баланы бычактап салган" деген шек менен 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 23-декабрга караган түнү саат 03:40 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган Ильгиз Чоканов келип түшкөн. Кара-Суу районунун Жоош айылынын тургунунун бооруна бычак сайылганы аныкталган. Жабырлануучуну ооруканага алып келген жаран алгач дарыгерлерге экөө тааныш экенин айтып, бирок жабырлануучу каза тапканын билген соң И.Чокановдун канга боёлгон кийимдерин алып, изин жашырып кеткен.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 24-декабрда Жапалак айылында аталган кылмышка шектүү катары облустук бейтапканалардын биринин дарыгери К.М. колго түшүрүлгөн. Ал кылмышын мойнуна алып, эжесинин намысын коргогонун билдирген. Анын айтымында, 25 жаштагы И.Чоканов эжеси менен жакын мамиледе болгон.