Ала-Букада жол кырсыгы катталып, жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-декабрь күнү саат 18:50 чамасында Ала-Бука - Кызыл-Ата унаа жолунун 4-чакырымында болгон. Анда айдоочу унаасы менен 47 жаштагы жергиликтүү тургунду сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан. Учурда бул жол кырсыгы боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.