Бүгүн түнү Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымына кар көчкү түштү. Анын болжолдуу көлөмү 1260 куб метрди түзөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда жолду тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.