Баткен районунун Булак-Башы жайлоосундагы 9 турак жайдын өрттөлүшү боюнча эки экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, экспертизалардын бири өрттүн келип чыгуу себебин аныктаса, экинчиси келтирилген чыгымды аныктайт.
“Жабырлануучулар Баткен райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазышты. Алардын айтымында, турак жайларды өрттөө 17-24-декабрь аралыгында болгон”,- дейт Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы.
Айта кетсек, жалпысынан Булак-Башы жайлоосунда 8 жарандын 9 турак жайы атайын өрттөлгөн. Жайлоо Тажик Республикасынын Ворух аймагынан 12 чакырым аралыкта жайгашкан.