Акыркы сутка ичинде катталган жол кырсыктарынан 2 адам каза таап, 18 адам жабыркаган. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 6, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1 кырсык катталган. Ал эми Баткен жана Талас облустарында жол кырсыгы катталган эмес.