Аламүдүн районунда кош бойлуу аялды сабаган жаран кармалды

Аламүдүн районунда кош бойлуу айымды сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 27 жаштагы аял кайрылган. Анда ал чала тааныш Эрлан аттуу бала сабап, ичке тепкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы тургуну кармалды.

Белгилүү болгондой, жабырлануучу менен кылмышка шектүү Таш-Дөбө айылында кийим тигүүчү цехте бирге иштешчү. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, шектүү боюнда бар келинди ичке тепкен. Мунун кесепетинен аялдын боюнан түшүп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Saribulak
2014-12-26 12:38:05
Аялдан кучун чыгарбай озу курдуу эркек менен мушташпайбы. Акылсыз айбан...
+4
Akmosha
2014-12-26 13:00:07
Ан сезимдин томондугу да,урушса деле теппейле адамча айтса тушунот аял деле.Манкурттар кобойуп баратат.
+1
kg.sity93
2014-12-26 14:01:09
Боюнан тущсо Адам олтуруптур да.эркек строй го ал.мээси жайында эмес окшойт да.Аял да кичине оозун жабыщ керек да намысына тийген катуу соз суйлогондур..Эми кудай таразалайт да.биз а дейбиз бу дейбиз.бирдеме озгорбойт .болоор иш болуптур
+2
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-26 14:52:08
Манкурт экенго гелесоо жазаасын алсын эми куйоосу жокпу экен ал аялдын кандай чала тааныш болуп ал менен урушат тан калыштуу
-1
sabyr1977
2014-12-26 15:03:01
Екообу цехте чогуу иштейт деп кыргызча еле жазылып туратко.кичине окуп тушунуп анан жазсан.кыпчак.
+1
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-26 15:12:12
sabyr1977, цехте иштесе чала тааныш болсо урушуп балее барбы бала гелесоо экеоонун айынан бир бала жок болуп атат Сабыр
-1
Pegazka
2014-12-26 18:22:12
Jawtar ylyyga yrmat kichyygo yzat degendi ynytywty go.Enege kol kotorgon kandai akylsyz
0
Zapash
2014-12-27 00:30:49
Боюнда бар аялды ичке тепмек тургай шапалак менен урганга да болбойт, келесоо озу кайдан пайда болуптур. Жадакалса башка бироонун аялын козу менен караганга да тыюу салынат урмак тургай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан