Жайыл районунда тургундун үйүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, күч органдары тарабынан 26 жаштагы Ак-Башат айылынын жашоочусунун үйү текшерүүгө алынган. Анда үйүнүн жанындагы сарайда 600 грамм гашиш табылган. Кармалган жаран катылган баңгизат аныкы экенин моюнуна алган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.