21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстандын жаштар курамасы “Шериктештик Кубогу-2015” мелдешине даярдыгынын алкагында Катарда машыгуу сборун өткөрөт. Сбор 2015-жылдын башына туураланган. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда курамда 24 футболчу бар. Алар машыгуу сборунан кийин Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөшөт. Кошумчалай кетсек, 16-январда старт ала турган мелдеште кыргызстандык футболчулар “В” тайпасында Молдова, Орусия жана Латвия курамалары менен кез келишет.