Бишкекте мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы бала изделүүдө

Борбор калаада мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Айдар Аскарбеков изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда жоголгон баланын туугандары билдирди.

Маалыматка ылайык, жоголгон бала кечээ, 25-декабрда мектепке кетип, ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес. “Айдар №56-мектептин аймагынан жоголууда. Ал үстүнө кочкул жашыл түстөгү күрмө, ак түстөгү көйнөк, боз свитер, кара жынсы шым жана башына кара топу кийип жүргөн. Анын өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, башында 2 сантиметрдей тырыгы бар”,- деп билдиришти туугандары.

Жоголгон баланын туугандары бул бала тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, төмөнкү номурларга кайрылууну өтүнүшөт: (0552) 70-52-52, (0773) 73-06-58.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Akmosha
2014-12-26 16:57:47
Табылып касын,Алланын амири менен.
+4
beibika92
2014-12-26 17:32:37
Табылып калсын аман эсен туугандары ото кайгырып аткандыр эне байкуш эзилип буткондур
+2
kg.sity93
2014-12-26 18:44:53
Кудайым жаратканым.бала табылып калсынчы.аман эсен болуп..кудайым озун колдой кор
+2
Eliza761024
2014-12-26 19:15:54
Табылып калса экен...кудай жардам берип.Аман эсен болсун!!!Жаны-жылдын алдында журоктун ушун алган кабарлар болбосун!!!Ошол мектепке машыгууга коп балдар барышат..менин балам да.Анда балдарды кантип жалгыз кое беребиз..артынан кошо жургонго шарт дагы жок болуп калган кундор болот.Бирок ошол тарапта кобунчо паркка жакын болгондуктан ичкен,ар туркун адамдардын жургондору коп кездешет.
0
Biinura
2014-12-26 19:38:53
Кудайым боору ооруп бала эсен-Аман табылып калсын.
+1
uvajaemaya
2014-12-26 20:39:01
Эне байкуш кантти экен? Кудайым жардам берип табылып калсын. Жүрөгүм зырт этип кетти кабарды окуп алып.
+1
erikkarakulja
2014-12-26 21:19:50
Табылып калсын эй кудай жардам берегор.
+2
ALIK-BRO
2014-12-26 21:51:58
Мындайды душманыма да каалабайм. Жараткан умут озундо гана.
0
Zapash
2014-12-27 00:10:17
Ар бирибизде бала бар, кудайым озу сактасын. Кудай, табылып калсын аман эсен
0
Kitaioza
2014-12-27 00:53:58
Аллах озу колдоп табылып калсын.Иншаллах.
0
Ariet7
2014-12-27 01:22:32
аман эсен табылып калса экен кудайдан суранам
0
rasan
2014-12-27 10:34:38
Буйруганын коротда !!!
-1
uulay
2014-12-27 16:41:59
Ээ Кудай! Ата-энесин балам деп сыздаттыра корбо!
0
Beka1986
2014-12-30 04:00:47
Кырсыктан алыс кылсын Кудайым.
Кыргызстандагы акыркы жанылыктарды окусан эле "Олтуруп кетти,сойуп кетти,уурдап кетти,уруп кетти,тоноп кетти,жоголуп кетти,зордуктап кетти...качып кетти,изделип атат,табылбайтат,сузуп кетти,кагылышып кетти,чатакташып кетти,мушташып кетти...Тообааа,Кыргызстанда жашагандан деле коркуп калат экенсин,не балээ болуп баратат барган сайын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан