Борбордогу Ак-Тилек жаңы конушунун 52 жаштагы тургуну 3 жумадан бери дайынсыз болууда

Бишкек шаарындагы Ак-Тилек жаңы конушунун 52 жаштагы Кабыл Токтомамбетов аттуу тургуну 3-декабрдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Свердлов районунун ИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кабыл Токтомамбетов 3-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Ал көк түстөгү күрмө, көк түстөгү спорттук шым кийип жүргөн. Өзгөчө белгилери: бою 165-168 сантиметр, чачы кара, кыска кыркылган, 1-тайпадагы майып.   

Бул адам тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, төмөнкү номурларга кайрылыңыздар: (0312) 43-32-75 же (0700) 05-20-20.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан