Милиция Ош аэропортунда каракчылык кылган коркунучтуу кылмышкерлерди кармоо үчүн коомчулукту жардамга чакырды

Милиция Ош аэропортунда каракчылык кылган коркунучтуу кылмыштуу топту кармоо үчүн коомчулукту кызматташууга чакырды. Айта кетсек, бүгүн, 27-декабрда саат 10:00 чамасында куралчан 5 адам Ош аэропортунун VIP-залына бастырып киришип, карактоо жолу менен баштыктарга салынган ири суммадагы акчаны алышып, акча ээлеринин бирин өздөрү менен кошо алып кетишип, изин жашырышкан. Алар номуру кызыл түстүү (D 0118) Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. "Кимде-ким бул кылмыштуу топ жөнүндө маалыматка ээ болсо, 102, (03222) 5-59-10 (03222) 5-52-44, (03222) 5-71-81 телефондоруна кабарлап коюшуңарды суранабыз. Эскертүү: Кылмыштуу топтун куралдуу экендигин эске салабыз жана өз алдынча кармоого аракет жасабооңуздарды өтүнөбүз",- деп билдирди Ош ОИИБинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
OTYPBARATYPELEEE
2014-12-27 23:36:23
Просто "показуха" да. Калп эле милиция иштеп жатат "имиш" десин деп элди ишендиргенге аракет кылышканы корунуп турат. "номери кызыл тусто" дегени кандай иа?? Номери ак болот го же кызылга боёп алышканбы же башындагы кызыл желекпи? Жалал абадтын коду экен го бул бир фальшифка номер да. Бул залга башкалар мындай "смело" бастырып киргенине караганда, аэропорттун да кызматкерлери да аралашкандай кебетези бар го???
+3
Akmosha
2014-12-28 00:14:44
OTYPBARATYPELEEE, Туура айтасын,аэропорттун кызматкерлери не кылыпатышкан,каракчылар киргенделе ошончо ишчинин бироосу да милицияга кабар бере алышпадыбы? Мындайларды угуп зээнин кейийит,Кыргызстанга баргын да келбейт,ата эне,балдарыбыз учун барабыз да.
+1
Dadasdasd
2014-12-28 02:47:12
Akmosha, фирмалардын номери сары, кок, кызыл болот. Мчс тики болок, военные болот тус.
0
Nurtilek001
2014-12-28 00:34:38
куралчан милициялар кармай албаган каракчыларды,карапайым куралсыз адамдар кантип кармамак эле
+3
Boldukan86
2014-12-28 00:50:44
дагы оз алдынча кармабагыла деп коёт. Кирип тоноп бироосун алып кеткичеда эч ким унчуккан эмеспи? ким иштеп жатат озу ким.
+1
timan.86
2014-12-28 01:29:58
Ой жаман иш болуптур дешим керекби озунорду коргой албагандан кийин эмнеге иштеп журосунор ошол аеропортдо
+1
almaz90
2014-12-28 03:45:07
Эх,уят эле жонокой карапайым элге тим еле керсейишет...!
+1
kunduz0702
2014-12-28 04:56:12
Kyzyk vip zaldar syrt jakta jaigashpagandyr akyry oshoncho ichkerige kirip dagy biroosyn barymtaga alyp alsa, ech kim korboi jalganby emne. Bul jagy kino bolup kettigo bolgondo da fantastika
0
adilet85
2014-12-28 05:25:51
Өздөрү кылган милициялар азыр ким милиция ким каракчы айырмалаш кыйын камера наблюдениеден кирип келатканын көрүп реакция кылбаппы опер группа деген болот чалса келип изи сууй электе кармап өздөрү баарын кылган эми тоноп кетишти деп отурушат
+1
zhanarbek80
2014-12-28 08:15:10
бул киносу чубакабрадан ашып тушту бир болсо. ишенгиле айланайындарым
+1
Zara_KARA-KULJA
2014-12-28 09:54:18
Бул таш Сатышов Жалилдин агоротуна ыргытылган таш турбайбы.бул бизнесмендердин арасындагы согуш турбайбы.карапайым калкта кайактагы автомат кайактагы андай кийимдер.
0
danyshman
2014-12-28 11:58:10
Zara_KARA-KULJA, Былжырап бир нерсени билип билбей жаза бербесен,кайдакы ташты айтасын,ошол таш озуно тийсин.
0
stal.ks
2014-12-28 11:06:53
интересно, кана видео наблюдения, андай жерде болуш керек го
+2
Almaz-85
2014-12-28 12:27:48
Шерменде ооз ачып олтура бергиле ,биздин коргочулар
0
Tentek1
2014-12-28 13:13:16
(Номер кызыл тустуу болсо D 0118) Бул номер дипломаттардын номери го,бат эле издесе табат болсо керек,
0
otuzuul
2014-12-28 13:21:01
bul degen tuugandar tee tobodogu atambaidin iwi boluwu mumkun,, urumqide MYRZAKMATOV MELIS degen kiwige salinip jatkan akcha boluwu 90% korunup turat, tem bolee owton urumqige, VIPzaldan, korunup ele turat artinda emne bp jatkani, melistin urumqide ekenin prekrasno biliwet,
-1
Bekzamann
2014-12-28 14:32:19
otuzuul, жуз пайыз кошулам!
-1
ALIK-BRO
2014-12-28 22:53:17
Кыскасы Жижин таппайт.
0
Lenin
2014-12-28 23:28:54
Табылган кундо да табылбайт бизде. Тапкандар оздору ары бери кылып коёт да. Абдан чон сумма турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан