Кылмыштуу топ бастырып кирип чуу салган Ош аэропортунун VIP-залдары (фото)

Бүгүн, 27-декабрда саат 10:00 чамасында куралчан 5 адам Ош аэропортунун VIP-залына бастырып киришип (Ош ОИИБинин маалыматы боюнча), карактоо жолу менен баштыктарга салынган ири суммадагы акчаны алышып, акча ээлеринин бирин өздөрү менен кошо алып кетишип, изин жашырышкан. Алар номуру кызыл түстүү (D 0118) Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. Ош ОИИБи кылмышкерлер колго түшө электигин кабарлады. Төмөндө Ош аэропортунун VIP-залдары тууралуу кыскача маалымат:

Аэропортто аталган типтеги 3 зал бар. Алардын бири бардык каалоочуларды, экинчиси депутаттарды тейлейт. Ал эми президент үчүн өзүнчө VIP-зал бар. Жалпы жарандар үчүн VIP-залдардын баасы ар бир сырттан келген жаран үчүн 1000 сом, жергиликтүү жүргүнчүлөр үчүн 800 сомдон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
AnarRazakovich
2014-12-27 22:57:01
Каракчылар бул залга киришкен эмес, таптакыр башка офиске киришкен. Ал сыртта жайгашкан, эртең саар сүрөтүн илем.
+6
chingizhan01
2014-12-28 01:22:21
менттер оздору эле кылышты.
+2
elish87
2014-12-28 01:33:15
Барымтага алган адам менен тилдери бирдир балким
+1
Deniza88
2014-12-28 12:25:17
Оштук ака уколор бай да, ошон учун кол салып атышат да
0
nexia277
2014-12-28 13:53:28
менттер оздору да автоматчандар аэропортко кантип кирет текшерип киргизбейби
0
bakyt8903
2014-12-28 16:27:22
4 миллион долларды каяктан алган?
0
Multicam
2014-12-28 18:53:45
Каракчынын бири мен болуп калсам ээ ?
баарына майрамдык кылып берет элем, тангрру десе. :)))
+1
Nur45
2014-12-28 21:33:13
Multicam, анда сен болсон кармалып калдын эле уже.
0
aza_74
2014-12-28 19:12:14
Колу-бутун байлап алып кеткен адамды эмне кылды экен? Бир чети акчан жок, жетишээр-жетишпеген жашоо- ширин жашоо окшойт го, бул "байлык" нелер гана кылбаган, кээлерин акча учун олтуруп аткан, инфарк болуп аткан, тонолуп аткан,семирип аткан чынында ачкадан олуп аткан адам аз андыктан байлыка коп кызыкпагыла
0
aika2013
2014-12-28 22:27:51
даагы бироого куру доомат коюшат да,бул атайын эле кылынган кылмыш да!!саясаттын сасык оюну!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан