27-декабрда Ош аэропортунда каракчылык кылган кылмышкерлер жана алар коркутуп алып кетишкен адам табыла элек. Муну бүгүн, 28-декабрда Ош ОИИБинен билдиришти. Кылмышкерлер алып кеткен баштыктарда 5 миллион 679 миң доллар болгону айтылды. Окуянын бир катар күбөлөрү суракка алынып жатышат. 5 кылмышкердин биринин фотороботу түзүлүп, ал 30-35 жаштарда деген божомол айтылууда. Окуя тууралуу кененирээк бул жакта.