27-декабрда Бишкекте Жаңы жылга карата эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш уюшулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке 1997-жылдан 2000-жылга чейинки аралыкта төрөлгөн уландар катышты. Анда балбандар жалпысынан 12 салмак категориясы боюнча күрөшүштү.