27-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болжол менен 23:30да Совет жана Акматбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада алган жаракатынан улам 36 жаштагы жабырлануучу Эдил (Темир айылынын тургуну) ооруканадан көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Ауди-100 унаасынын айдоочусу, 58 жаштагы Сапарбек суракка алынып, бул окуя боюнча күнөөсүн моюнуна алган. Текшерүүдө анын мас абалда болгону аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.