Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Ноокен районунда турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 29-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ноокен районуна караштуу Ноокен айылындагы турак үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган 144 чарчы метр үйдүн чатыры жана үй оокаттары күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан