Бишкекте 32 жаштагы тургунду сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-декабрь күнү саат 02:50 чамасында Жибек Жолу көчөсүндө белгисиз айдоочу унаасы менен 32 жаштагы шаар тургунун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан.