"Бизге берилген координаттардан улам учак деңиз үстүндө кырсыкка кабылып, учурда суу астында болушу мүмкүн. Биздин өлкөдө суу астына кирип издөөгө, учакты көтөрүүгө керектүү жабдуулар жок",- дейт Соэлистио.
Ал эми аталган өлкөнүн вице-президенти Юсуф Калла дайынсыз болуп жаткан учак кулап түшкөнүн божомолдосо, "AirAsia" компаниясынын башчысы азырынча лайнердин жоголушу боюнча кандайдыр бир чечим чыгарбай, издөө иштеринин жыйынтыгын күтүп жатканын билдирген.
Эске салсак, 2014-жылдын 8-мартында Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, жыйынтык чыкпай келет. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган.