Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Бишкек мэриясын сотко берди. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы бүгүн, 29-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, агенттикке М.Бекмамбетова аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал мэрия 2005-жылы “Экспресс Сервис” ишканасы менен түзүлгөн ижара келишими бузулганын айткан.
Бул боюнча агенттик тарабынан иликтөө жүрүп, ижара боюнча келишим түзүүдө мыйзамдар бузулганы аныкталган. Мындан улам Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Бишкек мэриясын сотко берген. Учурда ишти Бишкек райондор аралык соту кароодо.