Каныбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев баштаган спортчулар жыл мыктысы катары сыйланышты

27-декабрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан олимпиадалык кече уюшулуп, анда “Жылдын мыкты спортчусу”, “Мыкты машыктыруучу”, “Мыкты калыс” жана “Мыкты федерация” наамдары боюнча сыйлыктар тапшырылды. Жыл мыктыларын аныктоого багытталган иш-чарага ЖКнын депутаттары, спорт федерацияларынын башчылары, спорт ишмерлери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурунку жетекчилери, спортчулар, машыктыруучулар, калыстар жана спорттун ардагерлери катышты. Жыйынтыгында чакырылгандарга атайын сыйлыктар тапшырылды. 

Олимпиадалык спорт түрлөрүнөн иргелип, кечеге чакырылган спортчулар жана машыктыруучулар:

Жолчубеков Каныбек (грек-рим күрөшү, жеке машыктыруучусу Ахмедов Майрамбек)  

Ваккер Евгений (велоспорт, жеке машыктыруучусу Акрамов Эркен)

Мусаев Магомед (эркин күрөш, жеке машыктыруучусу Табалды уулу Сүймөнкул)

Кенжеев Жанарбек (грек-рим күрөшү, жеке машыктыруучусу Махмудов Хаким)

Тыныбекова Айсулуу (кыз-келиндер күрөшү, Изабеков Нурбек)

Осмонов Турат (бокс, жеке машыктыруучусу Мухамеджанов Халдар)

Догдурбек уулу Элеман (эркин күрөш, жеке машыктыруучусу Бекболиев Шаарбек)

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн иргелип, кечеге чакырылган спортчулар жана машыктыруучулар:

Качкынбаев Мирбек (тай бокс, жеке машыктыруучусу Шевченко Елена)

Садыбеков Зиятдин (бел боо күрөшү, жеке машыктыруучусу Эшенкулов Замирбек)

Тё Артур (самбо, жеке машыктыруучусу Зверев Антон)

Сагынбаев Каныбек (бильярд, жеке машыктыруучусу Дүйшөбаев Күмүшбек)

Кожобеков Нурбек (бел боо күрөшү, жеке машыктыруучусу Курманкулов Нияз)

Улуттук спорт түрлөрүнөн иргелип, кечеге чакырылган спортчулар жана машыктыруучулар:

Жамакеев Анарбек (тогуз коргоол, жеке машыктыруучусу Султанмуратова Нурия)

Кочкоров Мырзабек (алыш күрөшү, жеке машыктыруучусу Ботбаев Аскар)

Молдокулов Нурлан (эр эңиш, жеке машыктыруучусу Курманкулов Нияз)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан