"Акча талап кылган" деген шек менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасына арыз менен Кара-Суу районунун тургуну кайрылган. Анда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү ага кылмыш ишин козгойм деп 1,5 миң доллар талап кылганын айтып, ага чара көрүүнү суранган. Бул арыздын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБинин ага тергөөчүсү кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.