Күйүп жаткан италиялык кемеден 284 адам куткарылды, бортто дагы 194 адам бар

Италиянын Деңиз-аскердик күчтөрүнүн басма сөз кызматы күйүп жаткан италиялык "Norman Atlantic" кемесинен 284 адам куткарылып, 194 адам кеменин ичинде экенин маалымдады. Бул тууралуу 29-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кемедеги өрт жекшемби күнү эртең менен башталган. Бир сааттын аралыгында кемени башкаруу кыйындап, ал Албания тарапка сүзө баштаган. Өрт куткаруучулар тарабынан көзөмөлгө алынган, бирок ал толугу менен өчүрүлө элек. 
Аталган кеменин бортунда 411 жүргүнчү, экипаждын 56 мүчөсү бар. "Norman Atlantic" кемеси Италиянын туусу менен сүзүп келген. Ал Грециянын батыш тарабындагы Игуменица портунан чыгып, Италиядагы Анкона портуна багыт алган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dominic_toretto
2014-12-30 02:29:03
Эми бул жөнүндө да качандыр бир кезде кино тартылса керек.
0
ak-buura
2014-12-30 04:03:29
Тегеринде дениз -суу курчап турат, атайын орт коопсуздугуна насостор жетиштуу эмес бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан