Кант шаарында "унаанын айнегин талкалап, акча уурдаган" деген шек менен борбордун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кант шаарынын 32 жаштагы Е.Ч. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар унаа жуучу жайдан анын унаасынын айнегин талкалап, 6 миң сомго жакын акча каражатын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 31 жаштагы Э.У. аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.