Бишкек шаарында “унаа уурдаган” деген шек менен түркиялык 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 35 жаштагы А.Э. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 27-декабрь күнү таңкы саат 04:30 чамасында 30-35 жаштардагы кавказ улутундагы белгисиз жарандар Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 35 жаштагы А.А. жана 26 жаштагы А.О. аттуу түркиялык жарандар кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.