Бишкек шаарында бүгүн, 29-декабрда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен коомдук унаанын 11 жүргүнчүсү ооруканага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, аталган жол кырсыгынын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы эртең мененки саат 09:30 чамасында Киев-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда Мерседес үлгүсүндөгү коомдук унаа менен Тойота Сурф үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Тойота Сурф үлгүсүндөгү унаа жол чырагынын кызыл жарыгы күйүп турганына карабастан, жолдон өтүүгө аракет кылып, коомдук унааны капталынан сүзгөн. Анын кесепетинен коомдук унаа капталынан түшүп, 11 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып Улуттук госпиталга жана №4-шаардык ооруканага кайрылышты. Учурда окуя болгон жерде коомдук унаанын талкаланган айнектери дале жатат.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.