Борбордо "жасалма акчаны алмаштырууга аракет кылган" деген шек менен 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 27-декабрь күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кылмышка шектүү 22 жаштагы К.Р. аттуу жаран борбордогу банктардын биринен 1000 рубль купюрасындагы жасалма акчаны алмаштырууга аракет кылган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында ал банктан алыс эмес жерден кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.