Жайыл районунда мал уурдоого шектелген 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен кечээ, 28-декабрда Жайыл районунун 48 жаштагы Б.Н. аттуу жараны кайрылган. Анда ал күндүз үйүнүн короосунан белгисиз жарандар уюн уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Петровка айылынын 19 жаштагы тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.