Ош аэропортунан 5,6 миллион доллар менен кошо уурдалган жаран табылып, учурда сурак берип жатат. Бул тууралуу
SUPER.KG`ге бүгүн, 29-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аны уурдагандар Араван районунун аймагына таштап кеткен жеринен табылды. Учурда сурак берип жатат. Ал "Асман-Тур" фирмасынын
Руслан аттуу кызматкери экени айтылды. Ал эми акчасын алып кеткендерди издөө иштери улантылууда.
Кылмышкерлер алып кеткен баштыктарда 5 миллион 679 миң доллар болгону айтылды.