Евразия Кубогуна катышкан жаш хоккейчилер Бишкекке кайтып келишти

Орусиянын Сочи шаарында жаш хоккейчилер арасында өткөн Евразия Кубогу жыйынтыкталып, ага катышкан Кыргызстандын жаштар курама командасы 29-декабрда Бишкекке кайтып келди. Бишкекке келип түшкөн курамда 22 жаш хоккейчи, машыктыруучулар, федерациянын өкүлдөрү болушту. 
Кошумчалай кетсек, мелдеш 20-29-декабрь аралыгында өтүп, "А" тайпасына бөлүнгөн Кыргызстан курамасы тайпадан чыга алган эмес. Команданын башкы машыктыруучусу Ринат Мустафаев төмөнкүлөргө токтолду: "Бул мелдеште алгачкы 3 күн балдардын көнүүсүнө кыйын болду. Ошол себептүү каршылаштар биздин дарбазага 36 шар киргизгенге чейин жетишти. Калган оюндарда дээрлик тапшырманы аткарып, жакшы оюн көрсөттүк. Бул көп тажрыйбасы жок команда үчүн жетишкендик. Бул мелдешке барып, көп тажрыйба топтой алдык". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uefamif
2015-01-01 17:18:53
Азаматсынар! Алга Кыргызстан!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан