Борбор калаада зордуктоого аракет кылган шаар тургуну кармалды

Бишкек шаарында "күч колдонуу менен зордуктоого аракет кылган" деген шек менен шаар тургуну кармалды. 

Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине арыз менен 22 жаштагы Р.Айжамал аттуу жаран кайрылган. Анда борбордогу Саратов көчөсүнөн белгисиз адам күч колдонуу менен аны зордуктоого аракет кылганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.Санжар аттуу жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө уланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан