Бишкекте жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдон айдоочу 45 жаштагы аялды сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза тапты

Бишкекте жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдон айдоочу 45 жаштагы аялды сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29-декабрда саат 20:30 чамасында Жибек Жолу - Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Лексус Е300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 22 жаштагы Юрий К. жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдон токтобостон өтүп баратып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу каза болуп калган. Бул факты боюнча чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ariet7
2014-12-30 14:45:18
Ушундай маалыматтан кундо бирден кундо экиден уга берип Мекенимдеги туугандарым учун сарсанаа боло берем деги ..Айланайын айдоочулар эрежалерди сактагылааачыы!!!! Бул аял да бироонун аялы, бироонун апасы ,бироонун эжеси, бироонун кызы да эми жаткан жери жаннаттан болсун(((
+1
uulay
2014-12-30 15:24:39
Пешеход дегенди биздикилер билбейт.Россияда токтоп откорот.отуп кетсе согосун.а бизде озунду согот олбой калсан конечно
0
adinai13
2014-12-30 15:36:36
Козу каякта шофердун
0
vassabi
2014-12-30 17:49:08
пешоходтор да оз укугун билбейт. Озу отпой бироо менен отпойбу. 2 же андан ашык адамга жол беруу деп жазып койгон. Эгер ал катуу ылдамдыкта журбогон болсо.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан