Дайынсыз болуп жаткан учактын 40тан ашуун жүргүнчүсүнүн сөөгү деңизден табылды. Каза болгондордун саны улам өсүп жатканын куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан мекемеге шилтеме берүү менен 30-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
28-декабрда Индонезиядагы Сурабая шаарынан Сингапурга багыт алган малайзиялык учак дайынсыз жоголгон. Анда 162 адам болгону айтылган. Малайзиялык "AirAsia" компаниясына тиешелүү Airbus A320-200 учагы Сингапурга конорго бир саат калганда байланыш үзүлгөн. Буга чейин 6 адамдын сөөгү Тынч океандагы Яван деңизинен табылганы айтылган. Издөө иштерине Индонезия, Австралия, Малайзия, Сингапур, Түштүк Корея жана АКШдан 30 кеме, 20 учак катышып жатат.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 298 адам көз жумган. Ал эми 2014-жылдын 8-мартында Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, жыйынтык чыкпай келет. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган.